Skip to main content

Биз 2-3 жылдын ичинде жүздөгөн чакан ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке киргизишибиз керек», – деп, 10-февралда КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүшү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору» аттуу улуттук форумдун жүрүшүндө билдирди.,
Акылбек Жапаров белгилегендей, стратегиялык объектилерде – Камбар-Ата жана Жогорку Нарын ГЭСтеринде курулуштун активдүү фазасын баштоо менен бирге энергиянын кайра жаралуучу, туруктуу булактарына да артыкчылык берилиши керек.
Ал КР Президенти Глазго шаарында өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча саммитте 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралитетине жетүү максатын формулировкалаганын жана энергиянын кайра жаралуучу булактары бул көмүртексиз саясаттын локомотивине айланаарын баса белгиледи.
«Гидроэнергетикадагы потенциал 10% гана колдонулат. Ошондой эле биздин өлкөнүн аймагы күнүнө орточо эсеп менен 4,64 млрд МВт/саат нурлануучу энергияны же 1 чарчы/чакырым жерге 23,4 кВт/саат энергияны алат, күн нурунун орточо жылдык узактыгы 2100дөн 2900 саатка чейин бардык аймак боюнча өзгөрөт. Бул потенциал бизде дээрлик колдонулбайт. Шамал энергетикасын өнүктүрүү үчүн белгилүү мүмкүнчүлүктөр бар, өзгөчө алыскы райондордо энергетикалык активдүү шамалдын узактыгы 5-7 миң саатты түзгөн шамалдын агымынын салыштырма энергиясы 1 чарчы километрге 2000 кВт саатка чейин жетет. Жылуулук же атомдук электр станциялар түрүндөгү альтернативдүү булактарга салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү айлана-чөйрөгө алда канча аз зыян келтирет. Бул парник газдарынын эмиссиясын азайтат, абаны жана мөңгүлөрдү булгабайт ошону менен бирге айлана-чөйрө үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерди жаратпайт. Эң маанилүү нерсе өлкөнүн соода жана төлөм балансын жакшыртышы , анткени бул сырттан көмүр жана газ импортун азайтат», – деди министрлер кабинетинин башчысы. Кошумчалай кетсек, жаңы Салык кодексине жашыл экономиканы жана жашыл технологияларды колдоо нормалары киргизилген. Шамал жана күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер үчүн технологияларды жана жабдууларды жеткирүү КНСтен бошотулган. Жер мыйзамдарына ГЭСтерди курууда айыл чарба жана токой чарбачылыгындагы жоготуулардын ордун толтуруудан бошотуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Энергия натыйжалуулугунун талаптарына жооп берген имараттар, жайлар жана курулмалар 50% өлчөмүндө мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Учурда Энергетика министрлиги тарабынан республиканын аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерине 48 энергиянын кайра жаралуучу объекттерин курууга сертификаттар берилди. Алардын жалпы кубаттуулугу 300 мегаваттка жакын электр энергиясын түзөт.

Бир нече чакан ГЭСтердин курулушу башталды:

«Бала-Саруу» – Талас районундагы 25 мегаватт
«Орто Токой» – 21 МВт Нарын облусунда
«Кара-Кол» — Жалал-Абад облусунда 18 мегаватт

Энергетика министрлиги жаңы редакциядагы «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга алып чыкты, ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүдөгү тоскоолдуктарды жок кылат.
Тактап айтканда, кубаттуулук квоталарына, электр энергиясын сатуу боюнча ишмердикти лицензиялоого, тендер өткөрүүгө талаптарды алып салуу сунушталып, кайра жаралуучу энергиянын субъекттери киреше салыгынан бошотулуп, өзүн актоо мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу сунушталууда.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук реформаны жүргүзүү максатында, мыйзамдык базаны инвентаризациялоо боюнча министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Азиз Аалиевдин жетекчилиги астында жумушчу топ түзүлдү.