Skip to main content

Go Green –Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбасын колдоо

Баткен шаарында жайгашкан «Баткен-Жетиген дары чөп» кооперативинин мүчөлөрүнө жана башка кызыкдар тараптар үчүн “Рурал Девелопмент Фанд” коомдук фондунун “Go Green –Жергиликтүү жамааттар тарабынан жашыл айыл чарбасын колдоо” долбоордун алкагында 2023 жылдын 08 февралында маалыматтык жолугушуу өткөзүлдү.
Жыйында РДФ кызматкерлери фермерлер үчүн «Бирлик» санариптик тиркемесинин презентациясын, ошондой эле дары чөптөрдү сатуу үчүн социалдык тармактарды колдонуу боюнча тренинг өткөрүштү.
Катышуучулар бул маалыматты кызыгуу менен кабыл алып, жаңы жана пайдалуу экенин айтышты.
 Ушундай эле иш сапарлар менен РДФнын кызматкерлери жакынкы күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарында да болуп,  жергиликтүү дыйкандар үчүн ушундай иш-чараларды өткөрүшөт.
Go Green долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.