Skip to main content

Бишкекте 2022-жылдын май айында Борбор Азияда өскөн жоогазындын айрым түрлөрүн Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун кызыл тизмесине киргизүү маселеси талкууланат. Бул темада аймактык жана эл аралык эксперттердин катышуусунда жыйын болот. Бул иш-чара Дарвин демилгеси жана Амстердам жоогазын музейи тарабынан колдоого алынган.

Азыр борбордо жүздөгөн түстүү жоогазындарды көрүүгө болот. Мунун баары сырттан келген декоративдик сорттор. Азыркы сорттордун пайдубалын түптөгөн жапайы жоогазын түрлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү Кыргызстандын аймагында өсөрүн адамдар биле беришпейт .

Анын ичинен 7 түрү сейрек кездешүүчү же жоголуп бара жаткан түр катары Кызыл китепке кирген эндемикалык өсүмдүк болуп саналат. Баса белгилей кетүүчү нерсе, эндемиктер чектелген аймакта кездешүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрү.

Үч жыл мурун Улуу Британия өкмөтүнүн Дарвин демилгесинин колдоосу менен “Биоресурс” уюмдары жана “Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы” , ошондой эле Кембридж университетинин Ботаникалык бакчасы менен биргеликте жайыт ресурстарын эффективдүү башкаруу долбоорунун алкагында жергиликтүү жоогазындарды өстүрүү иштери башталган.

Британиялык “Фауна энд Флора Интернэшнл” экологиялык уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору Жаркын Саманчинанын айтымында, жоогазындар боюнча компоненттин негизги жетишкендиги – азыр бизде жоогазындардын түрлөрдүн ар түрдүүлүгүнүн жана өлкөдө таралышынын жаңыланган жана бир кыйла толук картинасы бар.

«Мурда биздин өлкөдө 27 түрү өсөт деп ойлошкон, бирок бул көрсөткүч жакында өзгөрөт, анткени КР Улуттук илимдер академиясынын адистери менен башкы окумуштуу ботаник Георгий Анатольевич Лазковдун катышуусунда биргелешкен экспедициялардын аркасында мурда сыпатталбаган түрлөр табылып, Кембридждин докторанты Брет Вилсондун генетикалык изилдөөлөрүнүн аркасында буга чейин өзүнчө түр деп эсептелген жоогазындар,  бир түрү экендиги белгилүү болду», – дейт Жаркын Саманчина.

Талаа изилдөө иштеринин жүрүшүндө жоогазындын 22 жапайы түрүнүн коллекциясы чогултулуп, Э.З.Гареева атындагы Ботаникалык бактын питомнигине отургузулду. Белгилей кетсек, мындай масштабдагы экспедициялар жана экс-ситу коллекциясын түзүү Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылууда.